15:02 23 сентября 2021

ОшМПУда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 2 күндүк семинар өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаш окутуучулар, катчы, методист жана лаборант кызматкерлери үчүн иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, жазуудагы нормалар жана орфографиялык эрежелер боюнча семинар уюштурулду.

Окуу жайда мамлекеттик тил күнүнө карата декада жарыяланып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралар пландаштырылган. Декаданын алкагында 21-22-сентябрь күндөрү «Кызматта жарабаса керегине, кыргызга кыргыз тилдин кереги не?» аталышында 2 күндүк семинар уюштурулду.

Семинардын биринчи күнү орфографиялык эрежелер менен тааныштырууга арналып, кепте көп кетирилүүчү каталарды жоюу, сөздөрдүн туура жазылышындагы талаш маселелер талкууланды. Кийинки күнү окуу жайда көп колдонулуучу жана такай аткарылуучу иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн эрежелери үйрөтүлдү.

Семинарга ОшМПУнун жаш окутуучулары, иш кагаздары менен иштеген кызматкерлери катышты. Семинарды кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Ж.Жумаева өтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть