15:20 23 сентября 2021

ОшМУда журналист Байыш Төлөновдун 70 жылдык мааракеси белгиленди

ОшМУнун бүтүрүүчүсү, журналист Байыш Төлөновдун 70 жылдык мааракеси белгиленди.

Салтанатуу кече окуу жайдын кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уюштурулду. Анда студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, Байыш Төлөновдун калемине таандык ырлардан, чыгармалардан үзүндүлөр аткарылды. Ошондой эле калемгердин өмүр жолун чагылдырган видеотасма көрсөтүлдү.

Мааракеге университеттен мнвестициялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Жанболот Турсунбаев, Байыш Төлөновдун жакын санаалаштары, кесиптештери жана факультет жамааты катышты.

Байыш Төлөнов 1951-жылы 25-сентябрда Кара-Суу районунун Папан айылында туулган. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолунда радио бөлүмүндө редактор, теледе редактор, комментатор, баяндамачы кызматтарын аркалган. Учурда «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясында жаштардын насаатчысы болуп иштеп келет. Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын ээси.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть