18:05 29 сентября 2021

КМТУда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

23 сентябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жыйындар залында Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил боюнча секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, «Улут» социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Өмүрбек Андарбеков катышты.

Салтанаттуу иш-чараны университеттин өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Жыргалбек Сыдыков ачып берди жана КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев илимий эмгектердин сынагынын жыйынтыгын жарыялап, жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлык тапшырды.

Программанын алкагында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру Өмүрбек Израиловдун жетекчилиги астында университеттин 1-курстарынын студенттери «Өмүр жана өкүнүч» аттуу спектаклин тартуулашты. Спектаклде залкар инсандын өрнөктүү жолу, талыкпас эмгеги, өкүттө калган, элинин тарыхына так салган өмүрү чагылдырылып берилди жана «Кыргыз тили» кафедрасынын окутуучуларынын жана университеттердин студенттердин аткаруусунда этно стилде 40 манасчыдан турган топ «Манас» эпосунан үзүндү айтты.

Соңунда мамлекеттик тилге өтөгөн эмгектери үчүн университеттин профессору Алыбек Акунов «Кыргыз тили» төш белгиси менен, «Кыргыз тили» кафедрасынын башчысы Жумагул кызы Айнура жана улук окутуучу Осмон кызы Жылдыз ардак грамота менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть