21:02 27 сентября 2021

КМТУнун Политехникалык колледжинде Кыргыз тили фестивалы өз ишин кино жумалыгы менен баштады

Мамлекеттик тил күнүнө карата И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде жыл сайын өтүлүүчү 3 айды камтыган Кыргыз тили фестивалы өз ишин кино жумалыгы менен баштады.

Студенттерди кыргыз элинин салт-санаасы, үрп-адаты, тарыхы жана эң негизгиси — тил байлыгы, руханий көрөңгөсү менен жакындан тааныштыруу, эне тилин сыйлоого, сүйүүгө тарбиялоону көздөгөн максатта 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин колледждин окутуучулары жана студенттери үчүн «Исхак Раззаков», «Дарак ыры», «Көк бөрү» кинотасмалары көрсөтүлөт.

Кино жумалыгынан кийин студенттер кыргыз тили жана адабияты сабагынан көркөм тасмадан алган таасирлери тууралуу эссе, дилбаян жазышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть