11:27 25 сентября 2021

ОшМУда Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына арналган «Эне тилим — жүрөгүм» аттуу майрамдык салтанат өттү.

Майрамдык иш-чарада ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жалпы жамаатты мамлекеттик тил майрамынын 32 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Учурдагы ааламдашуу процессине кыргыз тилинин артта калбай, аралашып кетүүсү  — бул улутубуздун ийгилиги. Заманбап технологиялык агымда кыргыз тилиндеги бир топ программалардын, долбоордун, санариптештирүү жаатындагы ойлоп табуучулук иштердин көп бөлүгү мамлекеттик тилибизде жүргүзүлүп жаткандыгы бүгүнкү мамлекеттик тил саясатынын алгылыктуу иштеринин натыйжалуулугунан кабар берет. Көп улуттуу Ош шаарыбызда, көп улуттун өкүлдөрү билим алган ОшМУда тилге болгон мамиле ар дайым бийик жана барктуу бойдон сакталат»,  -деди ал.

Кечеде студенттер кыргыз тилинин гимнин аткарышты. Факультет, колледждердин таланттуу студенттери кыргыздын улуттук өнөрлөрүн тартуулап, кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырларды ырдашты. «Манас» эпосунан үзүндү, төкмө акындардын айтышы, «Жиге» чыгармачыл жаштар борбору тарабынан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле «Билим» лицейинин окуучулары да сахна өнөрүн тартуулашты. Майрамдык салтанатка активдүү катышкандарга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайдын илимий китепканасы тарабынан китеп көргөзмөсү коюлду.

Кечени ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова уюштурду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть