Ош технологиялык университетине Сежоң корей тил борборунун чакыруусу менен Түштүк Кореядан 4 мугалим — Цой Анна, Бэ Хан Хо, Лим Жоң Мёң, Жоң Сона — келди.
Бул мугалимдер ОшТУнун студенттерине корей тили жана корей маданияты боюнча сабак беришет.
Кореянын Сеул шаарындагы Сежоң Хакдаң фонду жыл сайын келишимдин негизинде мугалимдерди жөнөтүп турат.