16:25 29 сентября 2021

ОшМУда котормо адистиги боюнча жогорку окуу жайлар аралык студенттик олимпиада өттү

ОшМУда 30-сентябрь — Эл аралык котормочулар күнүнө жана ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 70 жылдыгына арналган I жогорку окуу жайлар аралык студенттик олимпиада өттү.

Олимпиадага Кыргыз улуттук университети, Эл аралык инновациялык технологиялар университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек университети, Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Ош мамлекеттик университетинен 50 студент катышты. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери онлайн катышты.

Студенттер 1-турда видеоматериалдарда жана текстте берилген маалыматты жазуу түрүндө которушту. 1-турдан жогору упай алган катышуучулар 2-турда угуу аркылуу оозеки синхрондук котормо жасашты.

Жыйынтыгында 1-орунду ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектебинин студенти Катерина Рыбалкина, 2-орунду ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Минура Мирзаева, 3-орунду Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Минура Махамаджанова ээлешти.

Жеңүүчүлөргө «Эң мыкты котормочу» деген статуэтка, дипломдор тапшырылды. Ошондой эле котормочулардын ассоциациясына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Университеттер аралык олимпиада дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин «»Америка жана котормо таануу» кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть