17:03 29 сентября 2021

ОшМПУда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнө карата улуттук оюндардын жандуу көргөзмөсү өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнө карата улуттук оюндардын жандуу көргөзмөсү болуп өттү.

Иш-чара университетте өтүп жаткан декаданын алкагында кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган ректорат жамааты, декандар, окутуучулар жана студенттер күбө болушту.

Алгач факультеттер тарабынан кыргыз элинин улуттук спорт оюндары — кур күрөш, таяк тартыш, ордо, жоолук таштамай, тогуз коргоол, аркан тартыш, бука тартыш, ак терек-көк терек, топ таш, алты бакан жана башка унутта калып бара жаткан оюндардын жандуу көргөзмөсү сынактык түрдө уюштурулуп, ар бир оюн боюнча студенттер маалыматтык баяндама жасашты. Ошондой эле саамалыкка сынактан тышкары, университеттин алдындагы «Жаратман» чыгармачылык борбору да өзгөчө боз үй тигүү менен катышып, улуттун тарыхын, маданиятын, нарк-наасилин чагылдырган көргөзмө тартуулашты.

Көргөзмөнүн соңунда ректор жалпы катышуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен жетекчиликтин атынан куттуктап, улуттун тагдыры, жүзү эне тилде экенин белгилеп, «ар бирибиз кандай чөйрөдө болбойлу, тилибизге татыктуу мамиле жасоо менен аны өркүндөтүүгө салым кошушубуз керектигине» токтолду. Ошондой эле ректор иш-чарага катышкан студенттерге, факультеттерге жана уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирип өттү.

Декадага бир нече иш-пландар каралып, учурда кызуу жүрүп жатат.

Уюштуруу тобу тарабынан ар бир саамалыктын жыйынтыгы чыгарылып, 30-сентябрда болуучу жыйынтыктоо салтанатында белгиленет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть