15:58 1 октября 2021

Япония КМУда медициналык колледж ачууга кызыкдар

И.Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректору, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Япониядагы жогорку окуу жайдын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууга КМУнун Япон таануу институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Ецухаши Мичинори менен аталган институттун директору Айбек Самаров да катышты.

Жолугушууда Япондор КМУда медициналык колледж ачууга кызыкдарлыгын билдиришти. Ошондой эле Япон таануу институтунун ишин кеңейтип, окуу борборлорун түзүү үчүн аракеттерди көрүп жатышканын айтышты. Алар быйылтан баштап кыргыз студенттерин Япониядан окутууга даяр экендиктерин да баса белгилешти.

Маалым болгондой, быйыл Кыргызстандан, тактап айтканда И.Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунда окуган 10дон ашык студент Япония өлкөсүнө барып, билим алуу алдында турат.

Жолугушуунун соңунда эки тарап кызматташуунун кеңейтүү максатында келишимге кол коюшту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть