15:55 5 октября 2021

Кыргыз-Өзбек университетинде Карылар күнү, мугалимдердин майрамы белгиленди

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө жана Мугалимдер күнүн утурлай майрамдык кече уюштурулду.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышып, окуу жайда эмгектенип кеткен ардагер карыяларды куттуктап, бириккен профсоюз комитети менен ректорат тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Сый конок катары чакырылган карыялар окуу жайдын жетекчилигине, профсоюз уюмуна ыраазычылык билдиришти.

Иш-чара Мугалимдер күнүнө карата арналган салтанат менен уланды. Сөз кезегинде окуу жайдын ректору Чаткалбай Райымбаев мугалимдер кандай шартта болбосун, ишмердигин үзгүлтүккө учуратпай, жаштарга татыктуу тарбия берип жаткан бүгүнкү күндүн каармандары экендигин белгилеп, окуу жайдын мугалимдерине университеттин жана Ош облустук профсоюзунун ардак грамотасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Майрамдын жүрүшү маданий-эстетикалык борбор тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть