15:40 5 октября 2021

ОшМУга эл аралык сыйлык тапшырылды

Казакстандын Нур-Султан шаарында «Жогорку билимдин сапатын камсыз кылуу: дүйнөлүк тенденциялар жана аймактык аспектилери» аттуу V Борбордук Азиялык эл аралык форуму өттү.

Форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Латвия, Азербайжан, Украина, Молдова, Армения, Өзбекстан, Тажикстан, Беларустун билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык европалык жогорку билимдин сапатын камсыздоо түйүндөрү, эл аралык билим берүү жаатындагы уюмдар катышты.

Форумдун алкагында ОшМУга IAAR EUR MULTIDISCIPLINARY AWARD сыйлыгы тапшырылды. Сыйлык ОшМУнун академиялык ийгиликтери жана НААР рейтингдик изилдөөлөрдөгү алдыңкы иш-аракеттери үчүн берилди.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жогорку билим берүү тармагына олуттуу салым кошкондугу жана Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы билим берүүгө багытталган кызматташтыкты бекемдөөдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн А.Байтурсынов атындагы күмүш медаль менен сыйланды.

Ал эми ОшМУнун окуу-маалымат департаментинин башчысы Руслан Арапбаев «НААРдын мыкты эксперти» деп табылды.

Бул иш-чара 1-октябрда Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттигинин (IAAR) уюштуруусунда өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть