9:34 4 октября 2021

ОшМПУда мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына карата уюштурулган 10 күндүк декада жыйынтыкталды

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 32 жылдык салтанатына карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулган 10 күндүк декада жыйынтыкталды.

Улуттук тилди өнүктүрүүгө багытталган саамалык 10 күн ичинде окуу жайдын жаштарына жакшы таасир берүү менен алардын тилге болгон мамилени аярлоого түрткү бере алды.

Саамалыктын соңку күнүндө окуу жайдын жетекчилик жамааты менен бирге окутуучулар, студенттер уюштуруу тобу тарабынан кыргыз тилинин тарыхы тууралуу чакан сахналык көрүнүш менен коштолгон концерттик программага күбө болушту.

Андан соң кеченин жүрүшү аталган декаданын катышуучуларын сыйлоо аземи менен уланды. Мында 10 күн ичинде өткөрүлгөн ар бир иш-чарага активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлегендер ардак грамота, акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Декада университеттин «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан уюштурулуп, анда «Сабаттуу бол» акциясы, «Иш кагаздарынын жазылышы» аттуу семинар, онлайн-тест, улуттук-тарыхый көргөзмө, кыргыз кино баяны жана улуттук спорт оюндары сыяктуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть