Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде бир топ жетекчилик кызмат орундарга жаңы дайындоолор болду.
Маалыматка ылайык, университеттин илимий иштер боюнча проректору кызматына окуу бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Абсатаров Равшан Рахманалиевич дайындалса, окуу бөлүмүнүн башысы кызматына Абдибалиев Эмил Абдибаитович бекитилди.
Окуу жайдын кезектеги Окумуштуулар кеңешинде аталган жетекчилер тааныштырылып, жамааттын ак батасы менен өз жумуштарына киришти.
Буга чейин окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору болуп география илимдеринин кандидаты, доцент Обдунов Элмурат Абдувапович иштеп келген. Ал жакында Жогорку Кеңештин депутаттыгына болуучу шайлоого аттанганына байланыштуу өз арызы менен жумуштан бошогон.