17:23 4 октября 2021

И.Арабаев атындагы КМУ Мугалимдер күнүн Кыргыз улуттук филармонияда белгиледи

1-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректораты Мугалимдер күнүнө арнап, салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Евгения Строкова, белгилүү педагог, коомдук ишмер Роза Айтматова, өкмөттүк кызматтардын өкүлдөрү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов баштаган университеттин жамааты, тактап айтканда, институт директорлору, факультет декандары, кафедра башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты.

Салтанаттуу кечеде И.Арабаев атындагы КМУда эмгектенип, жакшы ийгиликтерди жараткан окутуучуларга Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары, Айнуру Алтыбаева негиздеген «Аялдар коомунун» төш белгилери, ардак грамоталары, И.Арабаев атындагы КМУнун ардак грамоталары тапшырылды.

Мугалимдерди куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаттары университеттин жетекчилигине, мугалимдерге ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалашты.

И.Арабаев атындагы КМУда эмгектенип, ийгиликке жеткен ЖКнын депутаты Евгения Строкова студенттерге И.Арабаев атындагы КМУ куттуу окуу жай экенин баса белгилеп, студенттерди жакшы окууга үндөдү.

Ошондой эле педагог, коомдук ишмер Роза Айтматова да университетте көп жыл иштегенин айтып, окуу жай тууралуу студенттерге кызыктуу кебин айтып берди.

Кечеде И.Арабаев атындагы КМУда эмгектенип, чыгармачылыкта чоң ийгиликтерди багындырып, «КРнын Эл артисти» ардактуу наамына ээ болушкан Атайбек Бөдөшов, Эсенбек Мааданбековду 70 жаш, ал эми Кадыраалы Артыковду 60 жаш кутман курактары менен куттуктап, окуу жайдын жетекчилиги белектерин тапшырды.

Мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган ректор Төлөбек Абдырахманов мугалимдерге коомдук ишмер, педагог Роза Айтматованы үлгү кылып, жакшы сөздөрүн айтты. Ошондой эле ректор мугалимдерге ден соолук жана ийгилик каалады. Келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Майрамдык кече концерттик программа менен коштолду. Мирбек Атабеков, Каныкей Эралиева, Султан Каримов, Каныкей Раймалиева, Улан Качкыналиев ж.б. ырчылар мугалимдерди куттуктап ырдашты.

Кечени белгилүү алып баруучу Алмаз Касымалиев алып барды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть