18:01 4 октября 2021

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде мамлекеттик тилдин 32 жылдыгы белгиленди

2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алынган күнү белгиленди.

Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган салтанатка Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин мугалимдерине жана студенттерге ардак грамоталарды тапшырды.

Ректор өз сөзүндө: «Кыргыз тили — эгемен өлкөбүздүн ынтымагын арттырып, мекенге болгон сүйүүбүздү күчөтүп, маданиятыбызды, тарыхыбызды муундан муунга жеткирип, сактап турат десек болот. Андыктан 23-сентябрь күнү гана мамлекеттик тилибиз бар экенин эстеп, бир күндүк иш-чара менен чектелбешибиз керек», - деди.

Салтанатты университеттин чыгармачыл жаштары тарабынан даярдалган майрамдык шаңы улады. Анда тил улуттук баалуулуктардын, маданияттын, каада-салттын сакталышына, өнүгүшүнө негиз болгон башкы таяныч экендигин көрсөткөн турмуш агымдары, улуттук нарктын сакталышына жаралган тоскоолдуктар чагылдырылды.

Эне тилин даңазалаган чыгармаларды «Достук» чыгармачыл жаштар борборунун мүчөлөрү көркөм окушту. Обондуу ырлар аткарылып, тил күйөрмандарына майрамдык маанай тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть