15:32 5 октября 2021

ОшТУда Мугалимдер күнү белгиленди

Октябрдын алгачкы аптасы — билим берүү кызматкерлеринин күнү. Бул майрамдын урматына Ош технологиялык университетинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанат уюштурулуп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Салтанатты ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Жумакадыр Матисаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшТУнун жана Бириккен профсоюз комитетинин ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть