11:41 11 октября 2021

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2021-жылдын 5-октябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чара 3 бөлүктөн турду. Алгач «Толкун» маданий- эстетикалык борборунда кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева, Т.Эрматов атындагы музыкалык окуу жайдын директору, ф.и.к., доцент Түмөнбай Колдошев баштаган ырчылар тобу Бишкек шаарынан келип, ЫМУнун жамаатына жагымдуу ыр-майрам тартуулашты.

Иш-чаранын 2-бөлүгү университеттин спорткомплексинде уланып, Назира Бегим, Миррахим Опош, Бактыгүл Жусубалиева жана Э.Думанаев тарабынан ЫМУнун студенттеринин катышуусунда улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чаранын 3-бөлүгүндө Билим берүү жана илим министирлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, ардак грамотасы, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун жана университеттин сыйлыктары тапшырылды. Андан тышкары, университеттин жалпы жамаатына акчалай сыйлоо тууралуу буйрук тааныштырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть