ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун «Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын» демилгеси асында Немец академиясы менен кызматташуу жана өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Анын жетекчиси С.Журабаева институттун бүтүрүүчү курсунун студенттерине Германия өлкөсүндөгү эл аралык программалар жана стажировкалар боюнча конок лекция өттү. Германия — Европадагы өнүккөн ири экономикасы бар мамлекеттердин бири. Илимий чоң ачылыштар так ушул өлкөдө жаралган жана илимий ачылыштар бул өлкөдө салттык мүнөзгө ээ болуп калган.
Акысыз жана акы төлөп катышуучу эл аралык программалар студенттердин кызыгуусун жаратты, лектордон дагы башка программалар боюнча да тез-тез маалымат берүүнү өтүнүшүп ,өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Институттагы кийинки конок лекциялар — АКШ, Япония, Италия ж.б. өлкөлөрдөгү акысыз жана акы төлөп окуучу, катышуучу эл аралык программалар жана стажировкалар туурасында болмокчу.