17:27 12 октября 2021

ЫМУда Бирназар бийдин 300 жылдык мааракесине арналган конференция өттү

2021-жылдын 8-октябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Ата-бабалардын мурасын сактаган улуу инсан» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара Алдаш уулу Бирназар бийдин 300 жылдык мааракесине арналган.

Бирназар бугу уруусунун башчысы катары кыргыздын түндүк урууларынын Көл өрөөнүнө толук отурукташышына чоң салымын кошкон.

Бирназар бий мыкты аскер башчы, чыгаан баатыр болгон. 1780-жылдары казак элинин Аблай ханы менен бирдикте кыргыз-казак чек арасын чечкен жана Улуу Жибек Жолундагы соода-сатык алакасын жөнгө салып турган.

XVIII кылымдын аягында кыргыз уруулары өз алдынча жашап турушкан. Анын ичинен бугу уруусу өз алдынча бөлүнгөн. Орус окумуштуусу, тарыхчы А.Я.Гуревич ушундай «көчмөндөрдүн ири уруулары кичинекей өз алдынча мамлекет» болгондугун белгилеген.

Бирназар бий башкарган учурда эле мамлекетти башкаруунун формалары болгон. Мисалы, ошол мезгилде кыргыздарда өкүлчүлүк органы кеңири тараган жана 3 багытта иш алып барган — курултай, аксакалдар кеңеши, уруу кеңеши.

1758-жылы Бирназар бий жаштыгына карабай (болжол менен 17-18 жаш), Кытай мамлекетине 20 кишиден турган элчиликтин курамында болгон. Натыйжада кыргыз-кытай чек араларын чечүүгө жетише алган. Демек, бул инсанды элчи катары да бааласак болот.

Конференциянын катышуучулары Кыргызстандын тарыхында такталбай, көмүскөдө калган тарых барактарын да тактоо тууралуу өз сунуштарын айтып кетишти. Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын тарыхы боюнча 2800 беттен турган далилдүү, архивдик материалдар кытай архивинде топтолгон. Ал эми ошол эски кытай алфавитинде жазылган архивдик материалдарды жаңы кытай тилине жана аны кайра кыргызчага которууга азырынча адистердин жоктугу чоң көйгөй болууда. Мындан сырткары, конференциянын катышуучулары кыргыздардын тарыхына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл экендигин белгилеп кетишти.

Бирназар бий бийлик жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн терең өздөштүрүп, боордоштор менен өз ара достук алакасын түзүүдө айырмаланып, бийик даражага ээ болгон. Келечек муундарга Бирназар бийдин кыргыз эли үчүн жасаган иши мурас катары кабыл алынышы керек.

Конференциянын ишине УИАнын мүчө-корр., ю.и.д.. КР президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, «Мурас» фондунун башкармалыгынын төрагасы, т.и.к., профессор  Кыяс Молдокасымов, И.Арабаев атындагы КМУнун илимий проректору, филос.и.к. Эмил Каниметов, И.Арабаев атындагы КМУнун инновация бөлүмүнүн башчысы мам.баш.и.д., ф.-м.и.к., профессор Досаалы Иманбердиев жана Бирназар бийдин урпактары өз баяндамалары менен чыгышты.

Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть