17:55 13 октября 2021

ОшМПУнун 6 студенти Кыргызстандын мыктылары аталды

2-октябрда Бишкек шаарында «Жылдын мыкты студенти-2021» кароо-сынагын жыйынтыктоо аземи болуп, анда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жеңишке жетишти.

Эл аралык «Бобек» улуттук кыймылы Эл аралык студенттер ассоциациясы жана КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Кыргызстандын мыкты студенти-2021» аталышында таланттуу жаштардын китеп коллекциясын чыгарууга Кыргызстандагы ЖОЖдордун студенттери арасында сынак жарыялаган.

Сынакка Кыргызстандагы ЖОЖ студенттери, анын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери да катышып, окуу жайга сыймык алып келишти.

12-августтан 5-сентябрга чейин сынакка катышуучуларды кабыл алуу жүрүп, Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун китепканасында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Сынакка ОшМПУдан Эргешбай уулу Давыт, Баатырбек кызы Жылдызкан, Өсөрбек кызы Айгерим, Советбек кызы Буниса, Эркебаева Жыпаргүл, Камчибеков Бакытбек катышып 2-даражадагы диплом, төш белги жана тастыктоочу күбөлүккө ээ болушту. Ошондой эле Кыргызстандын мыкты студенттеринин жетишкен ийгиликтери чагылдырылган журнал да тапшырылды.

Сыйлыкка жеткен мыктылар буга чейинки жараткан ийгиликтери, окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктеринин негизинде тандалып алынган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть