11:44 13 октября 2021

ОшМПУда аялдар кеңешинин алгачкы отуруму өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин аялдар кеңеши 1-курстун студент кыздары менен жолугушту.

Бул ирет жолугушуу аталган кеңешменин төрайымы Жамиля Усубалиева тарабынан уюштурулуп, ага факультеттердин аялдар кеңешинин төрайым эжекелери жана студенттер катышты.

Алгач төрайым кыздардын интеллектуалдык өсүүсүнө, этикасына, тарбиясына таасир берүүчү 1 жылдык иш-чаралар планы менен тааныштырып өттү. Андан соң ар бир факульттетин төрайымдары жана алдыдагы пландары жөнүндө маалымат айтышып, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты кыздар менен баарлашуу, алардын сунуштарын угуу менен алдыда майрам күндөргө карата маданий иш-чараларды жана белгилүү инсандар менен жолугушууларды уюштуруу болуп саналат.

Отурумда ушуга байланыштуу бардык маселелер талкууланып, 1 жылдык планга дагы бир топ сунуштар киргизилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть