15:36 11 октября 2021

ЖАМУнун профессору Зульфия Сакбаева Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы, б.и.д, профессор Зульфия Сакбаева Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлыкты окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов тапшырды.

Зулфия Сакбаева билим берүү тармагындагы эмгек жолун 1998-жылы ЖАМУнун экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасында үйрөнчүк окутуучу кызматынан баштаган. Учурда окуу жайдын окуу бөлүмүн жетектейт. 2006-жылы Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен экология адистиги боюнча «Доцент» окумуштуулук наамын алган.

Эл аралык программалардын бир нече жолку стипендианты: ДААД, Германия (2007); ОЕАД, Австрия (2010); ДААД, Германия (2010); CRC CEU, Венгрия (2011); Фулбрайт, АКШ (2011-2012), ДААД, Германия (2017). Илимий-изилдөө иштерин аталган чет мамлекеттердин лабораторияларында жүргүзгөн.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана Билим берүү министирлигинин ардак грамотасы (2011), «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси (2013) менен сыйланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть