17:36 13 октября 2021

ОшМУнун ректору Санкт-Петербургдагы бир катар жогорку окуу жайлар менен кызматташуу келишимине кол койду

2021-жылдын 11-октябрь күнү ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү окуу жайларда болуп, жетекчилер менен жолугушту.

Алгач шаардагы ири окуу жай аталган Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде болуп, алдыдагы кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Жыйынтыгында жакынкы күндөрү эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүүгө макулдашты.

Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде да болду. Окуу жайдын ректору Игорь Максимцев менен кызматташуу жана алдыдагы перспективалык пландар туурасында сүйлөштү. Университетти жакындан тааныштыруу максатында чакан экскурсия уюштурулду, презентациялар жасалды. Соңунда тараптар кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург мамлекеттик өнөр жай технологиялары жана дизайн университетинде да болуп, окуу жайдын ректору Алексей Демидов менен жолугуп, кызматташууну өркүндөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Аталган окуу жай менен ОшМУ 2019-жылдын 20-мартынан бери кызматташып келет.

ОшМУнун ректору 12-октябрда Санкт-Петербург мамлекеттик политехникалык жана Балтика мамлекеттик техникалык университетинде болуп, келишимдерге кол койду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть