Ош технологиялык университетинин Өзгөн технология жана билим берүү институтунда билим алып жаткан студенттер академик Бектемир Мурзубраимов атындагы стипендия менен сыйланышты.
Бул стипендия академик Бектемир Мурзубраимовичтин атынан окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан жана институттун коомдук иштерине активдүү катышкан студенттерге берилет.
Сстипендия жылына 1 жолу берилет.