Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар ортосунда өткөн «Элдер достугу» аталышындагы маданий фестивалда Ош мамлекеттик университетинин командасы баш байгени камсыздады.
Аталган саамалык Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана «Вместе мы — сила» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.
Фестивалга Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Японияга жумушка орноштуруу» борборунун студенттери катышып, япон элинин маданиятын, улуттук өзгөчөлүктөрүн сахнада чагылдырышты.
Ар улуттун нарк-насилин жана маданиятын даңазалап, элдердин достугун бекемдөөгө багытталган бул иш-чарада ар бир окуу жай өздөрү тандап алган улуттун маданиятын көрсөтүшүп, катышуучулар өз чыгармачылыктарын тартуулашты.
Иш-чара эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтүп, атайын калыстар тобу да дайындалган.
Фестивалдын жыйынтыгында комиссиянын чечими менен өзгөчө даярдык менен катышкан ОшМПУнун командасына 1-орун ыйгарылып, атайын диплом жана 15 миң сом акчалай сыйлык берилди.