17:40 14 октября 2021

ОшМПУда мыкты улук окутуучулар жана мыкты окутуучулар сыйланды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2020-2021-окуу жылында профессордук-окутуучулук курамдын арасында «Мыкты улук окутуучу» жана «Мыкты окутуучу» сынактары жарыяланып, 2 этап менен өткөрүлгөн.

Сынактын жүрүшү жогорку билим берүүдө өзүнчө, колледжде өзүнчө каралып, ага окуу жайдын доценттери, улук окутуучулары жана окутуучулары катышкан.

Катышуучулар факультеттердин усулдук комиссиялары тарабынан сунушталып, алгач өз арыздарын жана анкетасын тапшырышкан.

Сынактын 2-этабында конкурсанттардын 2019-2020 жана 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгындагы иштеринин жыйынтыктары каралды. Мында окутуучулардын эмгектери, өздөрүнүн онлайн-сабактар топтому интернет желесине жана AVN порталына жайгаштырылган.

Мындан сырткары, катышуучулардын илимий эмгектеринин тизмелери, алган сыйлыктары, электрондук версиядагы лекциялары, ачык сабактын анализи жана видеосабактардын топтомдору белгиленген.

Сынактын жыйынтыгы өткөн окуу жылынын аягында атайын отурумдун негизинде сынактык комиссия тарабынан ачык добуш берүү жолу менен чыгып, жеңүүчүлөр аныкталган.

Сынактын жеңүүчүлөрү 7-октябрда өткөн мугалимдер күнүнө арналган салтанатта сыйланып, анда 3-орундун ээлерине жаңы үлгудөгү уюлдук телефон, 2-орунду ээлегендерге планшет жана 1-орунду багындырган окутуучуларга жогорку сапаттагы ноутбук диплом жана атайын номинациялар тапшырылды.

Жеңүүчүлөр:

Колледждин мыкты окутуучулары:

  • 1-орун — Пазылова Зарина
  • 2-орун — Аскарова Гүлкайыр
  • 3-орун — Жумабаев Эр-Төштүк

Жогорку билим берүүнүн мыкты окутуучулары:

  • 1-орун — Орозалиева Таттуугүл (КРФ)
  • 2-орун — Жаркынбаева Алтынай (КРФ)
  • 3-орун — Бекмуратова Наргүл (ГУМ ФАК)

Мыкты улук окутуучулар:

  • 1-орун — Рахманова Элиза (Гум Фак)
  • 2-орун — Сагынбаева Гүлзада (ТТжГФ)
  • 3-орун — Наркеева Акылай (КРФ)

Сынак ОшМПУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмү жана окуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ал окуу жайдын билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулук курамдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатын көздөйт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть