15:28 14 октября 2021

ЖАМУда коронавируска каршуу вакцина алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик унивеситенин алдында уюштурулган медициналык пункттун кызматкерлери менен шаардагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Луара Самадиярова окуу жайдын студенттери менен жолугушту.

Жоолугушууда төмөнкү суроолор боюнча кеңири маалымат берилди жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү: COVID-19 деген эмне? Анын симптомдору кандай? Эмне үчүн коронавируска каршы эмдөөдөн өтүш керек? Эмдөөнүн алдында эмнеге көңүл буруу зарыл? Вакцинаны албай койсо, кесепети кандай болот?

Жолугушунун жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Луара Самадиярова студенттердин уроолоруна жооп берип, башка өлкөлөрдө да массалык түрдө эмдөө жүрүп жатканын, ал тургай эмдөөдөн өтпөгөн жарандар коомдук жайларга кире албай жаткандыктарын айтты.

«Ар бирибиз ден соолугубуз үчүн кам көрүшүбүз керек. Социалдык тармактар аркылуу таратылып жаткан жалган маалыматтарга ишенбегиле. COVID-19 илдетине каршы бүткүл дүйнө күрөшүп жатат. Биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Тандоо өзүңүздөрдө, бирок бир нерсени унутпагыла: бүгүн мамлекет жарандарга кам көрүп, акысыз берип жаткан вакцина эртең чоң акчага сатылышы мүмкүн. Андыктан туура ойлонуп, туура чечим чыгарыңыздар», - деди ал.

Окуу жайдын алдында уюшулган медициналык пункттун дарыгери Нурсулуу Ибраимова коронавирус илдетине каршы эмдөө окуу жайда алгылыктуу аткарылып жатканын айтты. Аны менен катар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен чогуу студенттерге түшүндүрүү иштери окуу жайдын бардык факультеттеринде, колледждеринде жана бөлүмдөрүндө болорун кошумчалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть