Эки окуу жайдын ортосунда ишке ашып жаткан «2+2» программасы боюнча келишимге 15-октябрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Кытайдагы Ханькоу институтунун ректору Луо Айпин онлайн-жолугушууда кол коюшту.
«2+2» программасы — «филология» багытында кытай тили жана англис тили боюнча кош диплом берүү долбоору.
Жолугушууда «2+2» программасын аяктаган студенттер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук, кызматташуу мамилерин чыңдоого салым кошорун белгилешти.
Учурда ОшМУ дүйнөнүн 400дөн ашуун жогорку окуу жайлары жана 100дөн ашуун эл аралык уюмдар менен кызматташып келет. 2020-2021-окуу жылында ОшМУ Россиянын 7 жогорку окуу жайы менен «2+2» кош диплом берүү программаларына кол койду. Азыркы учурда бакалавр баскычындагы студенттер бул программа боюнча билим алып жатышат.