0:34 18 октября 2021

ЫМУ катышкан «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбоорунун ачылыш лекциясы болду

2021-жылдын 15-октябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун катышуусунда Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Газиантеп университети жетектеген «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбоорунун ачылыш лекциясы өттү.

Долбоордун негизги максаттарынын бири — «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» курсун жайылтуу.

16 жумалык курска 9 өлкөнүн 72 университетинен 3150 студент катышат.

Бул долбоор түрк дүйнөсүнүн жаштарын бири-бирин жакындан таанып, бир туугандыгын бекемдөөгө жана бардык тармакта чогуу иш алып баруусу үчүн түзүлгөн.

Ачылышында биринчи лекцияны Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор, Алпаслан Жейлан жана ректордун милдетин аткаруучу профессор, Асилбек Кулмирзаев берди.

Курсту эң мыкты өздөштүргөн студенттер Түркия мамлекетине барууга мүмкүнчүлүк алат.

Май айында университеттердин ректорлорунун катышуусу менен «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбоорунун кызматташуу протоколуна кол коюу аземи болуп өткөн. Аталган долбоорго К.Тыныстанов атындагы ЫМУдан 10 студент катышууда.

Андан соң долбоордун координаторлорунун жыйыны өтүп, уюштуруу маселелери талкууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть