15:24 20 октября 2021

ЫМУнун колледжинде старосталар менен активист студенттердин жыйналышы өттү

2021-жылдын 16-октябрында ЫМУнун колледжинде старосталардын жана активист студенттердин арасында жалпы жыйналыш болуп өттү.

Жыйналышта эки негизги маселе талкууга коюлуп, студенттердин арасында кызыктуу баарлашуу болду. Биринчи маселе колледждин 2021-2022-окуу жылындагы жүргүзүлүүчү тарбия иштеринин планы менен таанышуу болуп, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Айзада Түргөнбаева студенттерге мотивация багытында видеоролик көрсөтүү менен жалпы планды презентация кылды.

Быйылкы окуу жылында колледждин окуудан сырткаркы иштери негизги 4 багытта жүргүзүлүп, кайсы учурда, кандай шартта өткөрүлөрү, ага кимдер жооптуу болору тууралуу айтылды. Пландын жаштар саясаты жана тарбиялык иштер бөлүгүндөгү баӊгиликтин алдын алуу жана ага каршы иштерди жүргүзүү, гендердик, жыныстык тарбия багытында адистер менен студенттердин жолугушууларын уюштуруу, «Конок лектор», кесиптик күндөрдү белгилөө, маданий-массалык иш-чаралар бөлүгүндөгү «Биз таланттарды издейбиз» кароо-сынагы, «Манас» жумалыгы, «Аалам аралаган алп жазуучу» деген темалардагы айлык, «Таазим сага, аялзат» темасындагы жигиттер тарабынан уюштурулуучу иш-чара, Музей күнүнө карата өткөрүлө турган экскурсия, музей кечтери, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүүчү «Кайдыгер болбой, кайрымдуу бололу», дене тарбия, ден соолук жана спорт бөлүмүндөгү улуттук спорт оюндарынын түрү боюнча биринчилик, колледждеги адистиктер арасында спорт оюндарынын түрү боюнча мелдеш өткөрүү ж.б. дагы көптөгөн иш-чаралар суденттер арасында кызыгууну туудуруу менен кызуу талкууга алынды жана кандай стилде өткөрүү идеяларын сунушташты.

Пландан сырткары, активисттер тарабынан жылдын аягында жалпы колледждин окутуучулары, студенттери менен «Туристтик жүрүш», чыгармачыл студенттердин иштеринин ярмаркасын, ошондой эле күз майрамынын алкагында «Алма Fest» фестивалын уюштуруу боюнча кошумча пикирлер айтылды.

Ал эми жыйналыштын экинчи маселесинде колледждин студенттик кеӊеши 2021-2022-окуу жылындагы пландарын презентациялоо менен студенттерге мотивация багытында «Азия Кыргызстан - 2021» аталышындагы V Азиялык студенттик форумдун, Enactus долбоорундагы иш-чаралардын жана Жогорку Кеӊеште болгон экскурсиянын жүрүршүн баяндаган видеороликтерди көрсөтүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть