17:38 19 октября 2021

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус ОшМУда болду

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус ОшМУда иш сапары менен болуп, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту.

Жолугушууда Франциядагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сөз болду.

Элчи Франсуа Делаус ОшМУ менен кызматташуу багытында мамилелерди чыңдоого жана кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле жакында Бишкекте өтө турган Франциянын маданият күндөрү иш-чарасына ректор Кудайберди Кожобековду чакыруу менен бул иш-чараны ОшМУда да өткөрүү сунушун айтты.

Мындан сырткары, элчи ОшМУнун окуу-материалдык базасы менен таанышып, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде француз тилин окуткан мугалимдер менен жолугушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть