14:55 19 октября 2021

ОшТУда Социалдык кызматкерлер күнү белгиленди

19-октябрь — социалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош технологиялык университетинде майрамдык салтанат болуп өттү.

Аталган саамалык окуу жайдын Гуманитардык-технологиялык колледжинин «Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер» кафедрасы тарабынан даярдалып, окуу жайдын жетекчилик жамааты, окутуучулар жана студенттер катышты. Ошондой эле Ош шаарынын жаштар комитетинин өкүлдөрү келип, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен иш-чаранын журүшүнө күбө болушту.

Андан соң «Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер» кафедрасынын кызматкерлерине Ош шаардык мэриясынын ардак грамоталары тапшырылып, шаардагы «Боорукердик үйүнүн» жашоочуларына майрамдык маанай тартууланды. Балдар үчүн белгилүү эстрада ырчыларынын коштоосунда атайын концерттик программа жана сый тамак уюштурулду.

Окуу жай жыл сайын шаардагы «Боорукердик үйү», «Алтын уя» балдар үйү, «Бүчүр» реаблитациялык борбору жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тиешелүү болгон жардамдарын берип келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть