17:31 19 октября 2021

ОшМУда жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат

ОшМУда жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат.

Форумга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен, Кыргызстан эл аралык университетинен, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, Кыргыз экономикалык университетинен, Баткен мамлекеттик университетинен, ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, студенттер катышууда.

Ачылуу аземинде ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова жалпы катышуучуларга окуу жай тууралуу маалымат берип, биринчи иш-чарасы өтүп жаткан форум мындан ары да салтка айланып, уланып, республикадагы жогорку окуу жайлардын демилгелүүү, алдыңкы студенттеринин пикир алышып, ой бөлүшкөн аянтчасы болуп калуусун белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты, Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева форумдун ишине ийгилик каалап, жогорку окуу жайлардын алдыңкы, активдүү окутуучуларын, Аялдар кеңешинин төрайымдарын, студенттик кеңештин төрагаларын Жогорку Кенештин ардак громатасы менен сыйлады.

Форумдун алкагында «Университет жана студент», «Жаштар жана мамлекет» деген темаларда панелдик талкуулар болду.

Күндүн экинчи бөлүгүндө студенттер үчүн «Чилистен» акыл таймашы, «XXI кылымдын компетенциялары» көндүмдөр чемпионаты, «Келечек чакырыктары» студенттик эмгектердин кароо-сынагы, компьютерде текст терүү, пазл чогултуу, кубик-рубик чогултуу, компьютердик графикалык дизайн, котормо иши багыттарында сынактар өтөт.

20-октябрда коноктор үчүн спорттук мелдештер, ОшМУнун окуу имараттарына жана Ош шаарындагы кооз жайларга саякат уюштурулат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть