18:22 21 октября 2021

ОшМУ Түркиянын Сивас Жумхуриет университети менен кызматташуу келишимине кол койду

ОшМУ Сивас Жумхуриет университети менен кызматташуу келишимине кол койду.

Кол коюу салтанаты университеттин башкы имаратында өттү. Ага Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз, аталган окуу жайдын проректорлору, профессор Үнал Кылыч, профессор Хакан Йекбаш, эл аралык байланыштар департаментинин башчысы, профессор Али Аксу, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 2020-жылы Түркиянын окуу жайларына болгон иш сапарда Жумхуриет университетинде болуп, ректор Алим Йылдыз менен жолугушуп, ОшМУнун түрдүү адистигинде билим алып жаткан 100 студенти ар жылы аталган университетке академиялык мобилдүүлүккө жөнөтүү чечимине келишкендигин, ушул тапта ОшМУнун 24 студенти Жумхуриет университетинде билим алып жаткандыгын айтты.

Ректор Алим Йылдыз эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу аземи эки университеттин ортосундагы ар тараптуу кызматташууга жол ача тургандыгын айтып, бакалавр багытында гана кызматташуу жүрбөстөн, келечекте магистратура, докторантура, кош дипломдуу билим берүү багыттаранда да кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен Сивас Жумхуриет университетинин ректору Алим Йылдыз эки тараптуу кызматташуу келишимине койду.

Сивас Жумхуриет университети 1974-жылы ачылган Туркиядагы 13-университет болуп саналат. Окуу жайда 47 миң жергиликтүүү жана 2500 чет элдик студент билим алат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть