18:01 21 октября 2021

ОшМУда «XXI кылымдын кадрлары» аттуу студенттик демилгелер форуму жыйынтыкталды

ОшМУда «XXI кылымдын кадрлары» аттуу студенттик демилгелер форуму жыйынтыкталды.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаты, республикалык аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, республикадагы 9 жогорку окуу жайдан өкүлдөр, студенттер катышты.

19-октябрда башталган форумдун алгачкы күнү салтанаттын ачылуу аземи, «Университет жана студент», «Жаштар жана мамлекет» деген темаларда панелдик талкуулар менен уланган. Анда студенттер, коноктор «XXI кылымдын кадрлары кандай компотенцияларга ээ болушу керек?» деген теманын алкагында пикир алышып, ой бөлүштү. Панделдик талкууга активдүү катышкан студенттер дипломдор менен сыйланышты.

Форумдун алкагында өткөн «Чилистен» акыл таймашы, «XXI кылымдын компетенциялары» көндүмдөр чемпионаты, «Келечек чакырыктары» студенттик эмгектердин кароо-сынагы, компьютерде текст берүү, пазл чогултуу, кубик-рубик чогултуу, компьютердик графикалык дизайн, котормо иши багыттарында сынактардын жыйынтыгы чыгып, алдыңкы орундарды ээлеген студенттер ОшМУнун дипломдору, баалуу белектерине ээ болушту. Студенттерди жетектеп келген окуу жайдын өкүлдөрүнө да ОшМУнун ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Форумунун алкагында жогорку окуу жайлар арасында спорттун волейбол, кичи футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Жалпы 8 команда катышып, жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду ОшМУнун, 2-орунду Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, 3-орунду К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин (Жалал-Абад) командалары ээледи.

19-20-октябрь күндөрү уюштурулган форумдун катышуучулары окуу жайдын имараттарына жана Ош шаарындагы кооз жайларга саякат жасашты.

Форумдун уюштуруучусу, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова биринчи иш-чарасы өтүп жаткан форум мындан ары да салтка айланып уланып, республикадагы жогорку окуу жайлардын демилгелүүү, алдыңкы студенттеринин пикир алышып, ой бөлүшкөн аянтчасы болуп каларын белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть