16:26 21 октября 2021

ОшТУга БУУнун Өнүктүрүү программасы боюнча өкүлдөрү келди

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы программаларга жана долбоорлорго көз карандысыз баа берүүнү баштады.

Бул баалоо БУУӨПнын бардык стратегиялык багыттарын камтыган толук масштабдуу баалоону камтыйт. БУУӨПнын улуттук приоритеттерди чечүүдө жана өнүгүүнүн натыйжаларына жетишүүдөгү салымын жана жардамын камтыйт.

Баалоонун максаты:

• БУУӨПнын 2023-2027-жылдарга карата кезектеги өлкө программасын иштеп чыгууга көмөктөшүү;

• БУУӨПнын улуттук өнөктөштөр алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү;

• БУУӨПнын аткаруучу кеңешине болгон жоопкерчилигин күчөтүү;

Ош технологиялык университети менен биргеликте «Каржы сабаттуулугу» борбору ачылган. Баалоону жүргүзүү үчүн эл аралык көз карандысыз эксперт Георге Карасени жана топтун лидери Шерадил Бактыгулов келди.

ОшТУ долбоордун алкагында 2 сервер, компьютердик класс, интерактивдүү доска менен камсыздалды. Долбоорлордун иши боюнча ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров толук маалымат берип, БУУӨПнын 2023-2027-жылдарга карата кезектеги иш-чараларды аткарууда биргеликте иш жүргүзүү боюнча окуу жай даяр экендигин билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть