20:21 1 ноября 2021

КМТУнун Политехникалык колледжинде кыргыздын улуттук оюндары ойнолду

2021-жылдын 26-октябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Кыргыз тили фестивалынын алкагында тил жана адабият сабагынын окутуучулары тарабынан кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ордо оюну боюнча спорт чебери, Бишкек шаарынын «Акордо» федерациясынын президенти Бакдөөлөт Бакиров катышып, ордо оюнунун эрежелери, ойноо ыкмалары боюнча студенттерге кеңири түшүндүрүп берди жана оюндун жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Андан сырткары, атайын белгиленген аянтчаларда улуттук оюндардын түрлөрү: аркан тартыш, тогуз коргоол, топ таш, жоолук таштамай, ак терек-көк терек оюндары ойнолуп, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.

Иш-чараны өткөрүүнүн башкы максаты өсүп келе жаткан жаш муундарга улуттук оюндарды үйрөтүү аркылуу кыргыз элинин маданий жана рухий баалуулуктарын аң-сезимине сиңирүү, ар бир оюндун маани-маңызы, философиясы тууралуу түшүнүктөрүн калыптандыруу жана эл-жерин сүйүүгө тарбиялоо болуп эсептелет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть