19:40 1 ноября 2021

КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов ОшТУда болду

Ош технологиялык университетинин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог Гапыр Мадаминов окуу жайда «Билимдүү муун — жаркын келечек!» аттуу темада семинар өттү.

Аталган иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги, курам башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты.

Гапыр Мадаминов Ош технологиялык университетинде билим алып жаткан студенттер жана жалпы жамаат менен жолугушуп, билим алуу менен билим берүүнү заман талабына ылайык жүргүзүүдөгү жаңы усулдар тууралуу кеңири маалымат берди. Агай менен жолугушууга келген студенттер жана окутуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Ар бир өлкөнүн келечеги бардык мезгилде жаш муундардын билиминен, тарбиясынан көз каранды. Ар бир муун өз учурунда жакшы билим алып, жакшы тарбияга ээ болгон болсо, өлкөнүн өнүгүшүндө чоң роль ойнойт. Андыктан, ар бир кыргыз жараны биринчи кезекте үй-бүлөдө балдарына мыкты тарбия берүүгө милдеттүү болуп, билим алганга жакшы шарттарды түзүп берүүсү зарыл. Ал эми билим берүүдө өз кесибин мыкты билген, өзүнүн ишин сүйгөн чыгаан мугалимдердин эмгектеринен пайдалануу керек. Алардын бири — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог Гапыр Мадаминов.

Гапыр агайдын эл арасындагы кадыр-баркы балдарга билим берүүдө заман талабына ылайык усулдарды колдонуусу менен улам артып барат. Анткени бүгүнкү күндөгү илим жана техниканын күн өткөн сайын өнүгүп, маалыматтар улам жаңыланып, ал маалыматтарды кабыл алууда адам организмдеги мүмкүнчүлүктөр айрым учурда чектелип калып жаткан мезгилде балдарга билим алуудагы жана билим берүүдө чоңдордун аракеттери тууралуу көптөгөн жаңы ойлорду, усулдарды сунуштап келет. Алар тууралуу бир нече китептердин жана макалалардын автору. Агайдын эмгектери — бүгүнкү күндө республиканын бардык метеп мугалимдери, жогорку жана орто окуу жайдын окутуучулары үчүн багыт берүүч эң мыкты көрсөткүч.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть