18:45 1 ноября 2021

ОшТУда 1-курстар аралык XXII cпартакиада жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде 2 жумага созулган студенттердин 1-курстар аралык XXII cпартакиадасы жыйынтыкталды.

Жыл сайын салтка айланган бул мелдешке университетке жаңы келген 1-курстардын гана студенттери катышат. Келечекте окуу жайдын спорттук мелдештерде намысын коргоочу курама командага тандап алуу бул спартакиаданын жыйынтыгы менен аныкталат. Мындан сырткары, студенттерди дени сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо жана студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп эсептелет.

Мелдештин жүрүшүн ОшТУнун дене тарбия кафедрасынын жалпы жамааты жана «Намыс» спорт клубунун жетекчилиги көзөмөлгө алып, калыстык кылышты. Факультеттин намысын коргогон студенттер өздөрүнүн спортко болгон шык-жөндөмдөрүн көрсөтүп, 2 жума бою күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, 2-орунду Кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультети, ал эми 3-орунду гуманитардык-технологиялык колледждин студенттери камсыз кылышты.

Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга ардак грамоталар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле келечекте окуу жайдын намысын спорттон коргой турган мыкты спортсмен студенттерге спорттук формалар берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть