16:38 1 ноября 2021

ОшМПУнун окутуучулары билимдерин өркүндөтүшүүдө

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары өздөрүнүн билимин өркүндөтүү, кеңейтүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барышат.

Окуу жайда «Улуттук квалификациялар алкагында окуу программалары жана билим берүүнүн стандарттарындагы жаңы мамилелер, ыкмалар» аталышында тренинг өткөрүлүп, ага 40тан ашык окутуучу катышты.

Аталган тренингди кесиптик билим берүү багытындагы эксперттер Гүлзада Дүйшебаева жана Рахат Бекбоева өтүп беришти.

Семинар 9:30дан 15:30га чейин уланып, бул аралыкта улуттук квалификациянын системасын түзүү, аны жолго коюу концепциялары талкууланды. Катышуучулар улуттук квалификациянын системасын өнүктүрүүдө улуттук баалуулуктарды эске алуу менен эл аралык тажрыйбанын негизинде бир топ усулдар, компететенциялардын матрицасы, Блум таксономиясынын компетенциясын жазуунун үстүндө маалыматтарды алып, ар кандай практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында ар бир окутуучуга уюштуруу тобу тарабынан сертификаттар ыйгарылды.

Иш-чара ОшМПУнун окуу бөлүм башчысы Эмил Абдибалиев жана мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаеванын демилгеси менен уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть