17:41 1 ноября 2021

Эдуард Кубатов ОшТУнун студенттери менен жолугушту

Кыргыз желегин дүйнө жүзүнө тааныткан Эдуард Кубатов Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырууга 7 жыл бою бир дагы машыгууну калтырбаганын айтып, жаштарды кандайдыр бир максатка жетүүдө эч качан орто жолдон таштап койбой, аягына чейин баруу керектигине чакырды. Ошондой эле ал өзүнүн улуу тоонун чокусунда туруп алып, Кыргызстандын желегин кармап, эмгегин элине арнап жаткандагы сезимдер эч качан, эч жерде кездешпеген, сөз менен айтып түшүндүрө алгыс, бийик сезимдер экендигин белгиледи. Кандайдыр бир ийгиликке жетиш үчүн сөзсүз эле акчасы көп бай болуштун, сөзсүз эле сөзү өтө турган бир таасирдүү адам болуштун, же бирөөлөр тарабынан дайындалыштын кереги жоктугун, болгону, адамдын өзүнө болгон ишенимдин күчтүүлүгү жана тынымсыз аракет болуш керек экендигин айтты.

Студенттер Эдуард Кубатовдон кызыккан суроолорго жооп алышты. Дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган кыргыз альпинисти ушул экспедиция Эверест темасынын акыркысы болорун белгилеп өттү.

2021-жылы жаз айларында кыргыз желеги Эверест тоосунун эң бийик жеринде желбиреген. Кыргыз элинин чыгаан уулу Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти кыргыздардан алгачкы болуп багындырды. Бийиктиги 8848,8 метр болгон бул чокуну багынтуу 23-май күнү саат 8:35те ишке ашырылган. 

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть