13:34 2 ноября 2021

ОшТУда транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

2-ноябрда Ош технологиялык университетинде Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул салтанат гуманитардык-технологиялык колледжинин «Автоунаа» кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер катышты.

Окуу жайга Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин, Араван цемент заводунун жана Bosch фирмасынын өкүлдөрү келип, гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа багытындагы орто билимге ээ болгусу келген студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо үчүн жетиштүү шарттарды түзүү, мыкты кадр болуп калыптануулары үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен билим берүү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУну бүтүрүп, өз кесиби менен ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр студенттерге бүгүнкү күндөгү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалында бул багытты тандаган адистердин негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алып, келечекте өз кесибинин мыкты ээси болууга максат коюп жатышкандыгын белгилешти. ОшТУну бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү күндөгү ийгиликтери үчүн университеттин жамаатынын атынан куттукташты. Ошондой эле аларга ОшТУ менен тыгыз байланышып, кадр даярдоодо көмөк көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн ыраазылык билдирилди.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа орун алып, майрамдык маанай тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть