17:26 5 ноября 2021

ОшТУда студенттердин илимий конференциясы өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасы, «Кыргызстандын түштүк философиялык коому» коомдук бирикмеси, Ош мамлекеттик университети тарабынан «Азыркы мезгилде адеп-ахлактуулуктун өнүгүшүндөгү илим жана маданияттын ролу» деп аталган студенттердин илимий конференциясы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери өздөрүнүн илимий баяндамалары менен катышты.

Ааламдашуу алкагында бара жаткан дүйнө коомчулугунун элдери айрым учурларда адеп-ахлактуулуктун нормаларын унутуп бара жаткандай таасир калтырат. Кыргыздардын жеке өздөрүнө тиешелүү болгон улуттук адеп-ахлагы акыркы учурларда кээ бир жерлерде таптакыр сакталбай, улутка каршы келе турган көрүнүштөр орун алууда. Мындай көрүнүштөргө көңүл бурулбай калып кете берген болсо, кыргыз коомунун келечеги бүдөмүк болуп, улуттук баалулуктарыбыз жоголуп кетүү коркунучун жаратат. Ошондуктан ар бир эл өзүнүн келечегин азыркы өсүп келе жаткан муундардан көрөт, ошол муунду туура, жакшы тарбиялаганга аракет кылат. Бүгүнкү иш-чарага катышып жаткан ар бир студент өзү жашап жаткан коомдогу болуп жаткан ар бир кубулушка көңүл буруп, ал көрүнүштөрдүн пайдалуу жана зыяндуу жагын кеңири талдап көрө алышат. Кыргыз деген уюткулуу улуу элдин түбөлүктүүлүгүн сактоодо өздөрү тарабынан талап кылынган эрежелерди иштеп чыгууга, аларды сактоого аракет кылышат. Ар бир жазылган илимий баяндамада канткенде жаштар арасындагы адеп-ахлакты жоготпой, кыргыз коомчулугуна кыргыз улуттук баалуулуктарды жайылтууну максат кылышат.

Студенттердин илимий иш-чарасына арналып жазылган баяндамалардын саны көп болуп, 6 секцияга бөлүндү. Конференциянын биринчи күнү Ош технологиялык университетинде өткөрүлдү. Экинчи күнү Ош мамлекеттик университетинде улантылып, студенттердин даярдап келген илимий баяндамалары окулуп бүткөн соң жыйынтык чыгарылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть