Ош технологиялык университетинде «Берекелүү күз» аталышында түшүм майрамы белгиленди.
Аталган саамалык «Ыктыярчы ОшТУ» тобу тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты.
Жармаңкеде студенттердин колунан жасалган даамдар, жер-жемиш, мөмө-жемиштер арзан баада сатыкка коюлду. Сатыктан түшкөн каражат кайрымдуулук фондуна жумшалмакчы.