15:01 5 ноября 2021

Ак-Сууда окуучуларга багыт берүү иш-чарасы өттү

3-ноябрда Ак-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын демилгеси менен «Бош орундар жармаңкеси» Ак-Суу айылынын маданият үйүндө болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында Ак-Суу районунун акиминин орун басары Г.Суранчиева келген социалдык өнөктөштөргө жана мектеп окуучуларына жармаңкенин ийгиликтүү өтүшүн каалап кетти. Андан кийин Жалпы дарыгердик практика борборунун директору К.Алымбеков, Каракол шаардык №14 кесиптик лицейинин директору У.Бекишев, М.Мамакеев атындагы гимназия мектебинин директору Н.Осмонбаева, Ак-Суу органик кооперативинин төрайымы А.Рысмендиева, калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Б.Сагынбаев, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын төрагасы К.Арбаев жана башка социалдык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү мектеп окуучуларына ишкана, окуу жайлары жөнүндө кыскача маалымат берип кетишти.

Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында болгон бош орундар боюнча маалымат берилди. Окуучулар менен жакын баарлашып, жармаңкеге келген ишканалар менен окуу жайлар керектүү маалыматтарды беришти. Жармаңкенин аягында жалпы социалдык өнөктөштөр кесипке багыттоо иш-чараларалды бирдиктүү алып баруу боюнча меморандум кабыл алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть