Ош технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин 1-курстары үчүн «Тушоо кесүү» аземи жана факультеттер аралык 1-курстардын ортосунда өткөрүлгөн спартакиадада 1-орунду алган студенттерди сыйлоо кечеси болуп өттү.
Иш-чарага факультеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышып, факультеттин деканы Нурланбек Танаков студенттерди майрамы менен куттуктап, сыйлуу баракчаларды тапшырды.
«Тушоо кесүү» аземи чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерт менен уланды.