13:50 11 ноября 2021

ОшМЮИнин жетекчилиги Исхак Раззаковду эскерди

2021-жылдын 6-ноябрында Ош шаарында жайгашкан, белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков атындагы эс алуу паркында 7-8-ноябрь — Ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленди.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору, профессор Э.Токторов, илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректор, т.и.д., профессор Б.Абытов жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, ф.и.к., доцент А.Жунусов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчилиги атайын даярдалган гүлчамбарды И.Раззаковдун айкелине коюп, эскеришти. Андан соң жалпы ата-бабалардын, тарыхый инсандардын жана саясий репрессиянын курмандыгы болгон инсандардын арбактарына багышталып куран түшүрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть