14:02 11 ноября 2021

Профессор Дүйшөн Шаматов ОшМПУда лекция окуду

Белгилүү педагог, Торонто университетинин PhD доктору жана Н.Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучуларына жана магистранттарына лекция окуду. 

Лектор билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир канча эл аралык долбоорлордун автору катары «Заманбап илим изилдөө усулдарынын теориясы жана практикасы» деген темада 1 күн бою катышуучуларга өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшө алды.

Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, профессорго ыраазычылык билдирип, сабактын өтүүсүнө ийгилик каалап өттү.

Лекциянын алгачкы бөлүгүндө изилдөө парадигмалары, сапаттык жана сандык изилдөөлөр боюнча теориялык маалыматтар айтылып, атайын экспертизалар да жүргүзүлдү. Андан соң кофе-брейк уюштурулуп, лекция уланды. Мында изилдөөнүн темасы, максаты, изилдөө суроолору боюнча кеп козголуп, маалыматтарды чогултуу инструменттери боюнча бир топ жаңы түшүнүктөр айтылды. Соңунда лектор изилдөө этикасы боюнча маалымат берип, ал лекция учурунда бир гана өз билимин бөлүшүү менен чектелбей, катышуучулар менен кайтарым байланыштарды жасап, суроолорго жооп берип өттү.

Анын айтымында, учурда кыргыз илим изилдөөчүлөр көбүнесе эл аралык деңгээлге активдүү аралаша албай жатышат. Тил билүү мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан, орус тилдүү маалыматтар, макалалар менен гана чектелип калып жатканын белгилейт. Илим изилдеп, макала жазуу үчүн алгач буга чейин изилденген жана даяр болгон макала, илимдер тууралуу маалымат болуш керек дейт.

Бул иш-чара жалпы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, жаш педагог изилденүүчүлөргө шык берүү максатында университеттин жетекчилиги тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть