17:16 11 ноября 2021

ОшТУда студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош технологиялык университетинде билим алып жаткан студенттер менен окуу жайдын жетекчилиги жана шаардагы укук коргоо кызматкерлери жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар турмушуна жаңыдан аралашып жаткан студенттерге өзүн-өзү алып жүрүү иштери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаштардын ар кандай жаман окуяларга аралашпоо, коомдук жайларда эрежелерге ылайык жүрүү, учурда жүз берип жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларга катышпоого аракет кылуулары керектиги айтылды. Ар кандай провокациялык көрүнүштөргө аралашпай, жакшы жүрүм-турум менен сабакты мыкты окуп, улуулардын тарбиялык акыл-насааттарын угууга чакырышты. Ошондой эле учурдун негизги маселесине айланып жаткан шайлоо өнөктүгүнө студенттерди үгүт иштерине катышпоого жана администрациялык ресурсту колдонууга бардык окуу жайлардын жетекчилерине жол бербөөгө чакырып кетишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды. Мындан сырткары, медицина кызматкерлери студенттерди эл көп чогулган жерлерге барбоого, оору жугузуп алуу коркунучун азайтуу жана өздөрүнүн ден соолугуна кам көрүү керектиги айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть