16:26 16 ноября 2021

Түркиянын Анкара университетинин өкүлү КМТУда илимий тажрыйба алмашуу иш сапары менен болду

Түркиянын Анкара университетинин Тездетүүчү технологиялар институтунун директору, физика илимдеринин доктору, профессор Хатиже (Дуран) Йылдыз И.Раззаков атындагы КМТУда 2021-жылдын 9-10-ноябрында илимий тажрыйба алмашуу иш сапары менен болду.

Хатиже (Дуран) Йылдыз Түркияга гана эмес, бүтүндөй Европа чөлкөмүнө белгилүү физик окумуштуу. Учурда физика жаатындагы CERN АТLАS лабораториясында илимий изилдөө ишин жүргүзүп жаткан учуру. Андан сыткары, Web of Science бүткүл дүйнөлүк илим тармагынын базасында 1000ден ашуун илим-изилдөө иштерин жарыялаган, учурдагы Индекс Хиршасынын көрсөткүчү 106га жеткен.

Профессор Хатиже (Дуран) Йылдыздын КМТУдагы иш сапары университеттин ректору М.Чыныбаевдин кабыл алуусу менен башталды. Жолугушууда КМТУ менен Анкара университетинин мындан ары илим-изилдөө, окутуучу-профессордук курамдын ортосунда тажрыйба алмашуу менен дасыгууну жогорулатуу жана ошондой эле студенттер менен алмашуу программалары жаатында кызматташтык меморандумдун долбоору талкууланды.

Андан соң КМТУнун окутуучу-профессордук курамы, «Түрк тили жана маданияты» борборунун окутуучулары жана студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда катышуучуларга өзүнүн илимий тажрыйбасы жана Кыргызстанга келген максаты жөнүндө кенен токтолду.

Түркиялык окумуштуулар профессор Хатидже Дуран менен Эгей университетинин Түрк дүйнөсү изилдөө институтунун изилдөөчүсү Эмир Зафер Эрсөз 12 -ноябрда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Сейтек» улуттук жаштар борборунда республикалык деӊгээлде өтүлгөн Илим күнүнө арналган иш-чарада эл аралык өкүл катары күбө болушту. Профессор Хатидже Дуран катышуучуларды куттуктап ийгилик каалап өттү.

Андан соӊ Хатидже Дуран КМТУнун конференция залында «Түркиядагы жогорку өткөргүч тездеткичтер. CERN-ATLAS лабораториясында системалык изилдөө жана эксперимент» темасында лекция окуду. Лекцияга университеттин жаш окумуштуулары, аспиранттары, андан сырткары, Кыргыз-Түрк «Мана«» университетинин жаш окумуштуулары жана окутуучу-профессордук курамы да катышты.

Лекцияда электрон лазерлерин өндүрүү үчүн тездеткич системаларды долбоорлоо, тездеткич нурлануу жолунун бардык компоненттерин моделдөөсү деталдуу баяндалып, CERN ATLAS эксперименталдык изилдөөлөрү жана CERN ATLAS экспериментиндеги ADCoS иш жүктөрү туралуу кененирээк айтылды. Жыйынтыгында өзүнүн илимий-изилдөө иштери менен таныштырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында профессор университеттин окутуучулары жана студенттери үчүн Анкара университетидеги бакалавр, магистр жана PhD докторантура үчүн стипендиялык программалар жөнүндө маалымат берип, эки университеттин ортосундагы кызматташтык меморандумун Анкара университеттин ректораты тарабынан колдоо табарын билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть